akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-20-12, 11:22

    Кыргызстанда электр энергиясынын баасы дагы кымбаттайт

    2025-жылдын 1-майынан тартып Кыргызстанда электр энергиясынын баасы дагы 20-23 тыйынга чейин кымбаттайт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев 19-декабрда Бишкекте өткөн брифинг учурунда айтты.

    Ал өлкөдө электр энергиясынын баасы инфляциянын өсүшүнө жараша жыл сайын 1-майда көтөрүлүп турарын билдирди.

    Кыргызстанда ушул тапта 1 кВт саат электр энергиясы 1 сом 11 тыйын. 700 кВт сааттан ашык пайдаланган абоненттер 2 сом 16 тыйын төлөйт.


    Тектеш материалды окуу