akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-12-11, 14:45

    Кыргызстанда керектөө бааларынын өсүшү 4,2 пайызды түздү

    Ушул жылдын январь-октябрында мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү жалпысынан республика боюнча 4,2 пайызды түздү. Бул тууралуу УЛуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

    Маалыматка ылайык, мында алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына баалар 9,3 пайызга, азык-түлүк эмес товарларга 3,6 пайызга, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга 2,3 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер 7,5 пайызга жогорулады.

    2024-жылдын январь-октябрында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык региондорунда байкалды. Мында баалардын максималдуу өсүшү (5,1 пайыз) Ысык-Көл облусунда жана Бишкек шаарында катталды.


    Тектеш материалды окуу