Жарыяланган
2024-11-11, 08:45Кыргызстанда шайлоого жарамдуу жарандардын тизмеси такталды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, добуш берүүгө жарай тургандардын саны 4 млн 135 миң 39га жетти. Алардын 51,62% аялдар болсо, 48,38% эркектер.
Тизме 14-ноябрга чейин бардык добушканаларга илинет жана шайлоочулар өздөрүнүн шайлоо тилкелерине барып тизмеден тактап алышы керек.