akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-21-05, 04:17

    Кыргызстанда «Топтолмо ипотека» долбоору ишке кирет

    “Топтолмо ипотека” жаңы социалдык долбоору жарандарга турак жай сатып алууга колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компания билдирди.

    Маалыматка ылайык, МИК  “РСК Банкы” менен биргеликте программа иштеп чыгууда.
    Бул программанын негизги шарты баштапкы төлөмдү (турак жайдын наркынын 30%ын) топтоо болуп саналат. Жаран аларды графикке ылайык ай сайын толуктап, банктагы эсебине топтойт.

    Андан кийин банк ага күрөөсүз турак жайдын баасынын 20% өлчөмүндө 5 жылга жылдык 10% менен насыя берет. Калган 50%ды 8% менен Мамлекеттик ипотекалык компаниясынан 15 жылга алат.

    “Топтолмо ипотека” долбоорун расмий ишке киргизүү 2024-жылдын күз айларына пландаштырылган.