akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-28-05, 04:15

    МИК «Enwan Consultant Bureau» араб компаниясы менен кызматташат

    Мамлекеттик ипотекалык компания менен Enwan Consultant Bureau (Сауд Аравия) ортосунда консультациялык кызматтарды көрсөтүү боюнча келишим түзүлдү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. 

    Маалыматка ылайык, келишим Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “КРдагы турак жайды каржылоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашуунун алкагында түзүлдү. Консультациялык кызмат көрсөтүүлөр Бишкек ш., Маликов 91 дарегинде жайгашкан “Мурас” турак жай комплексине багытталат.  

    "Үчүнчү этапта жалпы аянты 172 миң 206 чарчы метр болгон 17 үй куруу пландалууда. Бул долбоордун алкагында жалпысынан 2 миң 256 батир курулат", - деп айтылат маалыматта. 

    Сауд Аравия өнүктүрүү фонду, кредиттик макулдашууга ылайык, турак жайды каржылоо долбоорун ишке ашырууга 100 млн доллар насыяны 25 жылга, беш жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен берет. 

     


    Тектеш материалды окуу