Жарыяланган
2022-25-02, 07:50Сауд Аравия падышачылыгында ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясынын жарманкеси өтүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Digital City” аянтында иш-чаранын ачылышы кече, 24-февралда өттү. Ага Кыргызстандын 35тен ашык ата мекендик компания катышууда.
"Ата мекендик продукциянын жарманкеси маданий өзгөчөлүктү жана туристтик компанияларды камтып , Сауд Аравиянын инновациялык калаасынын борборун кыргыз колоритине бөлөп, натыйжада ата мекендик айыл чарба продукциясын экспорттоого жана жаңы кызматтарын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүктөрдү ачат", деп айтылат айыл чарба министрлигинин маалыматында.