akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-15-04, 17:46

    Кытайдын электр мотоцикл чыгарган компаниясы Кыргызстандын рыногуна чыгууга кызыкдар

    Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Цзинань шаарында New Energy Technology Co., Ltd компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. 

    Жолугушууда электр транспортун жана заманбап технологияларды өндүрүү тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланган. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумга кол коюлган. 

    New Energy Technology Co., Ltd – электр мотоциклдерди жана башка техникаларды өндүрүүгө адистешкен компания. Экспортту активдүү өнүктүрүп жаткан бул компания Кыргызстандын рыногуна чыгууга кызыкдар экенин билдирген. 


    Тектеш материалды окуу