Жарыяланган
2024-29-11, 09:15Бүгүнтөн тарта “Кызыл-Кыя унаа жолу” өткөрүү түйүнүндө электрондук кезек системасы ишке кирет.
Бажы кызматынын маалыматына ылайык, жаңычылдык чек арадан өтүү процессин тездетип, транспорт каражаттарын оптималдуу бөлүштүрүүнү камсыздайт.
Андан тышкары, тыгындарды азайтып, товар жүгүртүүнү натыйжалуу кылып, чек арадан өтүү процессинин ачыктыгын камсыздайт деп күтүлүүдө.