akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Www

    Жарыяланган

    2022-25-11, 03:41

    KOICA медициналык жабдуулар үчүн муниципалитетке 22 млн сомдон ашык каражат бөлөт

    Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров борбор калаанын муниципалитетинде Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Чжэ мырза жана KOICAнын Кыргызстандагы кеңсесинин директору Ли Жонгсу менен жолугушту. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын сайтына жарыяланды. 

    Борбор калаанын мэриясы менен Корея агенттигинин (KOICA) ортосунда COVID-19  жана башка жугуштуу ооруларга туруктуулукту жогорулатуу боюнча келишимге кол коюу аземи өттү. 

    Келишимдин алкагында шаардык саламаттыкты сактоо мекемелерине медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн муниципалитетке 22 миллион сомдон ашык каражат бөлө турган болду.