akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2025-08-01, 09:25

    Курулуш компаниялары ар бир объектиге QR код илүүгө милдеттендирилди

    Ушул айдан тарта Кыргызстандагы курулуш компаниялары өздөрү салып жаткан ар бир объектиге анын мыйзамдуулугу тууралуу маалымат берген QR код илүүгө милдеттендирилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди.

    Маалыматка ылайык, талапты аткарбагандарга айып пул салынат. 

    “2025-жылдын январь айынан тартып ар бир курулуштун атайын убактылуу тосмосунда QR коду илиниш керек. Ал QR код менен өзүңүздүн телефонуңуз аркылуу Мамкурулуштун сайтына кирип, курулуш мыйзамдуу экенин билсеңиз болот. QR код курулуштун убактылуу тосмосунда көрүнүктүү жеринде, кеминде 1х1 метр же андан да чоң болгон өлчөмдө, курулуш аяктаганга чейин илинип туруш керек. Курулуш компанияларынан январь айынын аягына чейин бардык курулуштарда атайын QR код илүүңүздөрдү суранам. Бул кодду илүү боюнча тиешелүү буйрукка кол койгом жана аткарбаган компанияларга айып пул салынарын эскертем”, – деди Нурдан Орунтаев.


    Тектеш материалды окуу