Жарыяланган
2025-19-03, 14:12Мамлекеттик салык кызматы базарлардагы чекене сатуучуларга ККМ колдонуу менен QR код аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн түзүүдө.
Аппараттар накталай төлөмдөр үчүн да чек берет.
Механизм “Салык Сервис” тарабынан чакан көлөмдө товар сатуучулар үчүн арналган көзөмөл-кассалык машиналар үчүн иштелип чыккан.
Салык кызматынан алынган ККМдерди колдонгон ишкерлерге программалык камсыздоону жаңыртуу зарылчылыгы болбойт. Жаңы функция автоматтык түрдө иштей берет.