akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-21-01, 09:29

    Кыргызстан менен Гонконг өлкөлөрдөгү кош салыкты жойгусу келет

    Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын атайын административдик району Гонконг ортосундагы кош салыкты алып салуу жөнүндө келишимдин долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы өттү.

    Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, эки тараптуу талкуу ийгиликтүү жыйынтыкталып, документтин бардык негизги аспектилери макулдашылды.

    Келишим чет элдик инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, резиденттерди кош салык салуудан коргоого жана салык мамилелериндеги ачыктыкты жана калыстыкты бекемдөөгө багытталган.

    Документ салык мыйзамдарын кыянаттык менен пайдалануунун жана салык төлөөдөн качуунун алдын алууга жардам берүүчү жоболорду камтыйт.

    Ошондой эле ал эки тараптын ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда маалымат алмашууну караштырып, бул өлкөлөр ортосундагы ишенимдин жана өз ара түшүнүшүүнүн деңгээлин жогорулатууга салым кошот деп күтүлүүдө. 


    Тектеш материалды окуу