akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-09-09, 12:00

    Мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көбөйтүүгө убактылуу тыюу салынды

    Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин айлык акыларын көбөйтүүгө убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

    Ага ылайык, 2024-2026-жылдар аралыгында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санын көбөйтүүгө жана кызматкерлеринин айлык маяналарын жогорулатууга тыюу салынды.

    Документте бул чара мамлекеттик бюджеттин акчасын натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу максатында көрүлүп жатканы жазылган.


    Тектеш материалды окуу