akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Megacom

    Жарыяланган

    2024-22-10, 11:16

    MEGA Кыргызстанда 3G жана 4G байланышын бекемдейт – дагы ылдамыраак жана туруктуулук

    MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору өлкө боюнча өзүнүн тармагын кеңейтүүнү жана модернизациялоону жигердүү улантууда. Байланыштын жана камтуунун сапатын жакшыртуу боюнча масштабдуу программанын алкагында, компания жабдууларын жаңылоодо, алдыңкы технологияларды жайылтууда жана Кыргызстандын эң алыскы булуң-бурчтарында тейлөө аймагын кеңейтүүдө.

    Компаниянын негизги максаты - чоң шаарларда да, айыл жергесинде да жогорку ылдамдыктагы интернет жана ишенимдүү үн байланышы менен камсыз кылуу. Заманбап чечимдер маалыматтардын берилиш ылдамдыгын бир топ жогорулатууга мүмкүндүк берет, бул жумуш, билим алуу же көңүл ачуу үчүн туруктуу жана ылдам интернетке муктаж болгон колдонуучулар үчүн өзгөчө маанилүү.

    2024-жылдын сентябрь айында аткарылган техникалык иштер Кыргызстандын бардык аймактарында 2G/3G/4G тармактарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана сигналдын сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берди.

    Базалык станцияларды модернизациялоо Бишкек, Ош, Каракол жана Кара-Көл шаарларында 4G тармагынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн бир топ жогорулатты. 
    Ошондой эле төмөнкү айылдарда төртүнчү муундагы тармактын мобилдик интернетинин жана байланыштын сапаты жакшыртылды:

    Ош облусу: Жар-Башы, Акчал, Кожо-Арык.
    Талас облусу: Ак-Жар жана Жийде.
    Ысык-Көл облусу: Жалгыз-Өрүк, Ала-Баш, Светлая Поляна.
    Жалал-Абад облусу: Ак-Терек (Арстанбап айыл аймагы), Ак-Терек айылы (Талды-Булак айыл аймагы), Ак-Тыт, Базар-Коргон, Баймундуз, Бешик-Жон, Жараке, Жон.
    Баткен облусу: Ай-Көл, Чапаев атындагы (Гордой).
    Чүй облусу: Гавриловка жана Гидростроитель.
    Нарын облусу: Кызыл-Сөөк жана Сары-Булуӊ.

    Базалык станцияларды жакшыртуунун эсебинен Бишкек, Ош жана Кара-Көл шаарларында, ошондой эле Чүй облусунун Гавриловка жана Гидростроитель айылдарында 3G тармагынын сигналы жакшыртылды.

    MEGAнын 2G тармагынын базалык станциялары Бишкек, Чолпон-Ата жана Каракол шаарларында, ошондой төмөнкү айылдарда модернизацияланды:
    Баткен облусу: Ай-Көл, Чапаев атындагы (Гордой), Алга, Жеңиш.
    Ош облусу: Жар-Башы.
    Чүй облусу: Четинди, Сокулук (Сокулук айыл аймагы).
    Нарын облусу: Кызыл-Эмгек, Базар-Турук.
    Ысык-Көл облусу: Жалгыз-Өрүк жана Светлая Поляна.
    Жалал-Абад облусу: Ак-Терек (Арстанбап айыл аймагы), Ак-Терек (Талды-Булак айыл аймагы), Ак-Тыт.

    Ал эми Нарын облусунун Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылында 4G стандартындагы жаңы база орнотулду.

    Эскерте кетсек, тармактын камтуу аймагы тууралуу маалыматты MEGAнын расмий сайтынан Интерактивдүү камтуу картасынын жардамы менен онлайн режимде алууга болот. Анын жардамы менен жакын жердеги базалык станциялардын сигнал деңгээлине оӊой эле көз салып, Кыргызстан боюнча 2G, 3G жана жогорку ылдамдыктагы 4G менен камтуу жөнүндө билүүгө мүмкүн.

    MEGAнын абоненттери тармактык камтууну өнүктүрүүгө муктаж болгон калктуу конуштар боюнча өз сунуштарын компаниянын Байланыш борборуна *500 кыска номуру, WhatsApp +996 999 500 000 же Telegram аркылуу жөнөтө алышат.
    MEGA - ӨЗYБYЗДYН байланышты танда! 


    Тектеш материалды окуу