akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2024-13-12, 16:00

    MegaPay – мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алууда сиздин ишенимдүү өнөктөшүңүз

    Жашоонун азыркы темпи жаңы эрежелерди талап кылат: сервистерди тандоодо ыңгайлуулук жана жеткиликтүүлүк негизги факторлор болууда. MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору тарабынан иштелип чыккан MegaPay мобилдик колдонмосу мамлекеттик кызматтарды 24/7 режиминде көрсөтүү боюнча лидер болуу менен колдонуучулардын урмат-сыйына татыды.

    Сервис 700дөн ашык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө жетүүнү камсыздайт, аларды смартфондон эле бир заматта алууга жана төлөөгө болот.

    Акыркы жаңылоодон кийин MegaPay'де (App Store жана Google Play), учурдагылардан тышкары, төмөнкү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу жеткиликтүү:
    • ОСАГО;
    • МИК (Каттоо - МИКке арыз берүү жана жубайлардын биринин жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдугу);
    • Автоунааны тонировкалоо үчүн төлөм;
    • Автоунаалардын номерлери боюнча онлайн аукцион.
    «Сервистер» бөлүмүндөгү «Мамлекеттик кызматтар» баскычында өзгөрүүлөр болду, анын аркасында интерфейс көбүрөөк түшүнүктүү жана ыңгайлуу болуп калды. Ошентип, кардарларга багыт алууну жана керектүү сервистерди табууну жеңилдетүү үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр ар кандай категорияларга бөлүнөт.

    MegaPay – жөн гана колдонмо эмес, бул жашоону жеӊилдетүүгө жардам берген курал. Эми мамлекеттик мекемелерге барууга же төлөм терминалдарын издөөгө убакытты сарптоонун кереги жок. Бардыгын үйдө жүрүп, жумушта отуруп же жолдо баратып да аткарса болот.

    МegaPay’ди иштеп чыгуучулар сервис менен иштөөнүн ыңгайлуулугун жогорулатуу менен жаңы функцияларды кошуп, платформаны жакшыртууну жигердүү улантышат. Бул MEGAнын технологиялык лидер жана өзүнүн кардарлары үчүн ишенимдүү өнөктөш катары калууга умтулуусун тастыктайт.

    MegaPay'дин артыкчылыктарын бүгүн сезип, инновациялык технологиялардын жардамы менен өзүӊүздүн милдеттенмелериңизди башкаруу канчалык оңой жана ыңгайлуу экенине ынаныӊыз.

    MegaPay менен санариптик төлөмдөрдүн бардык артыкчылыктарын пайдалана баштаңыз!


    Тектеш материалды окуу