Жарыяланган
2024-25-11, 16:33100% акциясы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына таандык болгон MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш операторунан MegaPay колдонмосу өлкө ичинде улуттук валютада которуулар комиссиясыз жүргүзүлөрүн эскертет.
Бул программа 2025-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот жана бардык ички которууларды, анын ичинде Кыргызстандын коммерциялык банктары тарабынан чыгарылган, эл аралык төлөм системаларынын банктык карталарына которууларды камтыйт.
Эми MegaPay кардарлары банк эсептерине акча которууларды кошумча чыгымдарсыз жүргүзө алышат. Бул, жеке муктаждыктары үчүн, же төлөмдөрдү төлөө, жакындарын колдоо үчүн акча которууларды көп жүргүзгөндөргө өзгөчө маанилүү. Колдонуучулар жаӊычылдыктын аркасында, мурда которууларды тез-тез жүргүзүүдө олуттуу суммага чейин жеткен комиссиялык алымдарга эми кыйла үнөмдөй алышат.
MegaPay’ди колдонуунун артыкчылыктары кандай?
- Транзакциялардын ылдамдыгы: көпчүлүк транзакциялар бир заматта иштетилет.
- Ишенимдүүлүк: MegaPay шифрлөөнүн заманбап технологияларын колдонуунун аркасында бардык транзакциялардын коопсуздугунун жогорку деңгээлине кепилдик берет.
MegaPay’де 18 банкка которуулар жеткиликтүү: «Оптима Банк» ААК, «Бакай Банк» ААК, «Компаньон Банк» ЖАК, «Финка Банк» ЖАК, «Керемет Банк» ААК, «Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАН» ААК (МБАНК), «Кыргызкоммерцбанк» ААК, «Элдик Банк» ААК, «Айыл Банк» ААК, «Дос-Кредобанк» ААК, «Бай Түшүм Банкы» ААК, «Евразия сактык банкы» ААК, «КСБ Коммерциялык банк» ЖАК, «Азия Банкы» ЖАК, «О! Банк» ААК, «ФинансКредитБанк» ААК, «Кыргыз Инвестициялык-Кредит банкы» ЖАК жана «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАК, жана Кыргызстандын 8 электрондук капчыгына: «O!Деньги», «ЭЛСОМ», «Balance», «Илбирс», «Finik», «Cash2u», «БанкКомпаньон» жана «Namba One».
Колдонууну кантип баштоо керек?
• Колдонмону ачыӊыз же жүктөӊүз (App Store жана Google Play’lt жеткиликтүү);
• Алуучунун реквизиттерин киргизиңиз же алуучунун ELQR кодун сканерден өткөрүӊүз;
• Төлөм суммасын көрсөтүңүз жана төлөмдү ырастаңыз.
Сунуш Кыргызстандын ичиндеги которууларга гана тиешелүү жана улуттук валютадагы транзакциялар үчүн жарактуу.
Ошондой эле, ELQR аркылуу каалаган банкка же капчыкка акча которууда эч кандай комиссия алынбай турганын баса белгилей кетүү керек.
MegaPay – күнүмдүк жашооңуздагы алмаштыргыс жардамчыңыз!