Жарыяланган
2023-27-03, 06:11Жалал-Абад шаарынын мэриясы электр менен жүрүүчү автобустарды сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.
Тендердин жалпы суммасы 100 миллион сомду түзөт.
Белгилеп кетсек, Бишкек шаарынын мэри 2023-жылдын аягына чейин муниципалитет 1,5 миң жаңы автобус сатып аларын билдирген.