akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2022-23-11, 07:15

    Кытайдан 15-декабрга чейин жаңы автобустар келет

    Бишкекке 15-декабрга чейин 120 жаңы автобус келет. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

    Ал жаңы автобустар эл аралык талаптарга жооп бере тургандыгын белгиледи.

    “Кытайдан келе турган автобустар экологиялык жактан таза, өтө бийик эмес, төмөн жана газ менен жүрөт. Бийиктиги 10,5 метр жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн шарты бар”, - деди мэр. 

    Эске салсак, автобустар шаардык бюджеттин эсебинен сатылып алынат.