akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: WWW

    Жарыяланган

    2024-08-07, 04:39

    Кыргызстан автобустарды сатып алууга 3 млрд сомдон ашык каражат сарптады

    2024-жылдын 5 айында Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу автобустарды сатып алууга 61,8% көп каражаткан сарптаган. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. 

    Быйыл 5 айда автобустарды сатып алууга мамлекеттик бюджеттен 3 млрд 886,7 млн сом бөлүнсө, 2023-жылдын 5 айында бул ишке 2 млрд 401,8 млн сом бөлүнгөн.

    Белгилеп кетсек, автобустардын негизги бөлүгү жергиликтүү бюджеттин эсебинен сатылып алынган. Ал эми быйыл атайын каражаттардын эсебинен автобус сатып алууга болгону 4,1 млн сом жумшалды.

    2023-жылы борбор калаага 1 миң автобус сатып алууга республикалык бюджеттен 4 млрд 513,8 млн сом гана бөлүнгөн.

    2024-2026-жылдарга Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан автобустарды сатып алууга 4 млрд 339,2 млн сом каражат бөлүнсө, апрель айына карата 3 млрд 368,9 млн сом, же 77,6% каржыланды.

    Быйылкы жылы Ош шаарына республикалык бюджеттен 262,1 млн сом бөлүнүп, ага 100 автобус алынган.

    Кошумчалай кетсек, буга чейин Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) менен борбор калаага автобустарды сатып алуу боюнча 25 млн евро өлчөмүндө келишим түзүлгөн. Акыркы маалыматтар боюнча, 11,1 млн евро каржыланып, ага 124 газ менен жүрүүчү автобус сатылып алынган.