Жарыяланган
2024-23-01, 03:5022-январда Улуттук банк мамлекеттик 5 жылдык казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрдү. Бул тууралуу жөнгө салуучу орган билдирди.
Алсак, мамлекеттик облигацияларды кошумча жайгаштыруунун жыйынтыгы боюнча 5 жылдык мамлекеттик облигацияларды кошумча жайгаштыруунун көлөмү 750 млн сомду түздү.
Эске сала кетсек, аукцион пландалган 750 млн сомдун баарын тартууга жетишкен.