Жарыяланган
2024-13-05, 03:4511 майга карата Кыргызстандын мамлекеттик казына облигацияларындагы ички карызы 142 млрд 927 млн 180 миң 800 сомду түздү.
Ички карыз 10-майга салыштырмалуу 218 млн 895 миң сомго азайган. Карыздын төмөндөшү жүгүртүү мөөнөтү үч жыл болгон казыналык облигациялар боюнча милдеттенмелерди төлөөгө байланыштуу.
Баалуу кагаздар 2021-жылдын 7-майында 10,25% кирешелүүлүк менен жайгаштырылган.