Жарыяланган
2023-07-07, 08:31Бүгүн мамлекеттик 5 жылдык казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча аукцион жараксыз деп табылды. Бул тууралуу көзөмөл органы билдирди.
Буга суроо-талаптын жоктугу себеп болгон.
Эске салсак, аукциондо мамлекеттик облигацияларды жайгаштыруу аркылуу бюджетке 570 млн. сом тартуу пландалган.