akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-21-02, 16:55

    Муфтият сөөк коюу боюнча фатва чыгарды

    Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы сөөк коюуда мал союуга тыюу салган фатва чыгарды.

    Фатвага ылайык, маркумдун үйүнөн биринчи үч күндүн ичинде мал союлуп, келгендерге тамак-аш берүүгө тыюу салынат.

    “Үчтүк, бейшембилик, жетилик, жыйырмалык, кыркылык, ашы сыяктуу аталыштар менен мал союп, тамак аш берүүгө болбойт. Муфтияттын фатвасында жыртыш таратып берүү, бел боо, "ак кийди, көк кийди" деген кийиттерди берүү ысырапкорчулук деп аталды жана ага да тыюу салынат”, - деп айтылат маалыматта.

    Кошумчалай кетсек, муфтият мүрзөлөргө мрамор, темир, граниттен мүрзө таштарын, айкелдерди жана эстеликтерди тургузууга тыюу салат.


    Тектеш материалды окуу