akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2025-22-02, 12:55

    Ишкерлик субъектилерин текшерүүгө киргизилген мораторий жокко чыкты

    Кыргызстанда ишкерлик субъектилерин текшерүүгө киргизилген мораторий жокко чыгарылды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

    Эске салсак, кылмыш иши козголгон ишканалардан башка ишкердик субъектилерин, бизнес-чөйрөнү мамлекеттик органдар тарабынан текшерүүгө мораторий 2024-жылдын 31-декабрына чейин киргизилген.

    Бул чечим бизнести мамлекет тарабынан колдоо максатында кабыл алынган.

    Белгилеп кетсек, өкмөт 2020-жылы мартта коронавирус пандемиясы башталганына байланыштуу ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизген. Кийин ал улам узартылып келген.


    Тектеш материалды окуу