Жарыяланган
2025-05-02, 10:50Кыргызстанда Жаза аткаруу кызматы Юстиция министрлигинен кайра ажыратылып, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы болуп түзүлдү. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Мекеме Министрлер кабинетине караштуу болот. Ага ылайык, өкмөт бир айдын ичинде тиешелүү ченемдик-укуктук актылардын долбоорун даярдап чыгат.