Жарыяланган
2024-31-10, 09:12Кыргызстанда милиционерлерди сүрөт, видеого тартып интернетке жүктөгөндөрдү жазалоо долбоору артка кайтарылды.
Мыйзамды Жогорку Кеңеш 30-октябрда биринчи окууда карап, документти көпчүлүк депутаттар сынга алышты. Алар бул мыйзам укугун коргогусу келген жарандарга каршы иштеп калышы мүмкүн экенин белгилешти.
Буга чейин парламенттик комитет тиешелүү мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган.
Демилгечилер укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аброюна шек келтирүү максатында сүрөт, видеого тартып, социалдык тармактарга жайгаштырган учурлар арбып жатканын айтышкан. Бул үчүн 5 миң сомго айыпка тартып же 5 суткага камакка алуу сунушталган болчу.