Жарыяланган
2024-12-11, 09:12Кыргызстанда мас болуп унаа айдагандарга жазаны күчөтүү сунушталууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул тапта мас болуп машине айдагандар бир жылга күбөлүгүнөн ажыратылса, эми аны эки жылга узартуу сунушталды. Эгер экинчи жолу рулга мас болуп отурса, айдоочулук күбөлүктөн төрт жылга ажыратылат.
Андан тышкары, машинеси убактылуу конфискацияланат. Ал эми алкоголдук ичимдик ичкен-ичпегенин аныктоо үчүн наркологияга баруудан баш тартандар эки жылга чейин рулга отура албайт.