akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-09-12, 10:42

    Медицинада мыйзамсыз иш алып баргандарга жоопкерчилик күчөтүлдү

    Кыргызстанда медицина багытында мыйзамсыз иш алып баргандарга жоопкерчилик күчөтүлдү. Тиешелүү мыйзам долбооруна президент Садыр Жапаров кол койду.

    Ага ылайык, элдик медицина менен мыйзамсыз алектенгендер, дары-дармекти, медициналык буюмдарды мыйзамсыз өндүргөн жана саткандар үчүн жаза катаалдады.

    "Медициналык манипуляциялар, анын ичинде адамдын организмине таасир тийгизген жана дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды мыйзамсыз клиникалык изилдөөлөр үчүн айып пулдун суммасын 500 миң сомдон 1 млн.сомго чейин жогорулатуу каралган", - деп жазылган маалыматта.

    Документти Жогорку Кеңеш 17-октябрда кабыл алган.


    Тектеш материалды окуу