akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2025-04-02, 09:10

    Саламаттык сактоо министринин милдетин Эркин Чечейбаев аткарат

    Эркин Чечейбаев саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

    Чечейбаев буга чейин Кыргызстандын башкы санитардык дарыгери, саламаттык сактоо министринин орун басары болгон. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунда иштеген. Эми анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

    Эске салсак, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кечээ, 3-февралда кызматтан кеткен. 


    Тектеш материалды окуу