Жарыяланган
2024-19-04, 09:55Кыргыз фондулук биржасынын соода аянтчасынын экинчилик рыногунда Мбанктын ("Кыргызстан" коммерциялык банкы) акцияларын сатуу боюнча жети бүтүм катталды. Маалымат биржа сайтына жарыяланды.
Жалпысынан 605 миң 539 жөнөкөй акция 6 млн 660 миң 933 сомго сатылды. Бир акциянын баасы 11 сомду түздү.
Эске салсак, кечээ банктын 11,7 млн сомдук акциялары экинчилик рынокто да ар бири 11 сомдон сатылган.