Жарыяланган
2024-14-06, 10:15Кыргыз фондулук биржасынын экинчилик рыногунда "Кыргызстан Коммерциялык Банкынын" (Мбанк) акцияларын сатуу боюнча ири бүтүм ишке ашырылды. Маалымат соода статистикасында жайгаштырылган.
Жалпысынан 1 миллион 176 миң 264 акция 11 миллион 762 миң 640 сомго сатылды. Бир акциянын баасы 10 сомду түздү.
Эске салсак, Мбанктын акцияларын жайгаштыруу баасы 5 сомду түзөт. Муну менен акциялар базар баасынан жогору баада сатылган.