akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2023-09-03, 04:03

    Былтыр калктын номиналдык кирешелери 16,8%га өстү

    Былтыркы жылдын январь-сентябрь айларында калктын номиналдуу акчалай кирешеси үй чарбаларын тандап изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча 464,3 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылат.

    Белгиленгендей, 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өсүш 16,8%ды түзгөн.

    Калктын акчалай кирешелеринин негизги булактарын эмгектик ишмердүүлүктөн алынган кирешелер түздү, алардын кирешелердин түзүмүндөгү үлүшү 71,4%ды, социалдык трансферттерден түшкөн кирешелер 13,3%ды жана жеке көмөкчү чарбаларда өндүрүлгөн айыл чарба продукциясын сатуудан 11,5%ды түздү.