akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2023-23-08, 07:52

    Кыргызстандыктардын дээрлик 12%ы түшүм сатуу менен киреше табат

    Ушул жылдын биринчи кварталында калктын номиналдык акчалай кирешеси 180,2 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 20,8%га өстү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.

    Акчанын негизги булактары болуп эмгек ишмердүүлүгүнөн алынган кирешелер түздү, алардын кирешелердин түзүмүндөгү үлүшү 70,8%ды, социалдык трансферттерден түшкөн кирешелер - 14,3%ды жана жеке көмөкчү чарбаларда өндүрүлгөн айыл чарба продукциясын сатуудан - 11,9%ды түздү.

    Керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген калктын реалдуу акчалай кирешесинин көлөмү 2023-жылдын биринчи кварталында 157 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 5,3%га өстү.