akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2022-29-11, 09:31

    Кыргызстанда жан башына бөлүнгөн киреше төрт жылда 1,4 эсе өстү

    Былтыр, 2021-жылы Кыргызстандын калкынын колунда болгон акчалай кирешеси 2017-жылга салыштырмалуу 1,4 эсеге өсүү менен жан башына айына 6647,8 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин “Үй чарбаларын интегралдык тандап изилдөөнүн” жыйынтыгында айтылат. 

    Документте калктын акчалай кирешеси негизинен эмгектик ишмердүүлүктөн түшкөнү белгиленген (66,3%). Ал эми социалдык трансферттердин (14,9%) жана жеке көмөкчү чарбаларда өндүрүлгөн айыл чарба өнүмдөрүн сатуудан түшкөн кирешелердин (14,3%) эсебинен түшкөнү көрсөтүлгөн. 

    Шаарларда жана айыл жеринде жашаган калктын акчалай кирешелеринин өлчөмү бир топ айырмаланат. Шаар тургундары үчүн акчалай кирешенин жалпы көлөмүндө эмгек ишмердүүлүгүнөн түшкөн кирешенин үлүшү 77,7%ды, айылдыктар үчүн 59,7%ды түздү.

    Шаар тургундарынын арасында социалдык трансферттердин үлүшү 15,2%ды, айылдыктар арасында 14,7%ды түздү. Өздүк көмөкчү чарбаларда өндүрүлгөн айыл чарба өнүмдөрүн сатуудан түшкөн кирешенин үлүшү айыл калкына 21,5%ды, шаар калкына 1,8%ды гана түздү.