akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-11-10, 10:28

    Кыргызстандын тышкы жана өз ара товар жүгүртүү көлөмү 9%га өстү

    Ушул жылдын январь-августунда Кыргызстандын тышкы жана өз ара товарлардын соодасынын көлөмү 10,6 миллиард долларды түзүп, 2023-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 9%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

    Мында экспорт 13,1%га, импорт 8,1%га өскөн. ЕАЭБ менен өз ара сооданын көлөмү 2023-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 8,8%га өсүү менен 3,2 млрд долларды түздү.

    Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (71,2%) жана Казакстанга (26,9%) туура келген.


    Тектеш материалды окуу