akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-27-04, 20:12

    Орунтаев курулуш үчүн лицензияны 200-300 миң долларга саткандарга эскертүү жасады

    Курулуш министри Нурдан Орунтаев курулуш компанияларына жана чет элдик инвесторлорго кайрылды. 

    Орунтаев министрлик "Лицензия жана сертификация" багытындагы реформаларды толук бүткөргөнүн, эми лицензияны бюрократиясы жок алууга болорун билдирди. 

    Анын айтымында, колунда лицензиясы бар кээ бир жарандар аны сатууну токтотпой, 200-300 миң сом деген бааларды коюп жатат. Мындан улам ал тышкы жана ички инвесторлорго, курулуш компания ачам деген жарандарга лицензия жана сертификат керек болсо, аны кимдир бирөөдөн сатып албай, түз эле министрликкке кайрылууга чакырды. 

    "Лицензиянын расмий баасы эң көп дегенде 17,2 миң доллар болот жана бул сумма түздөн-түз мамлекеттин эсебине төлөнөт. Эч кандай бюрократия жана кезек күтүүлөр жок. Болгону 6 документ тапшырсаңыздар жетиштүү. Лицензия 10 күндүн ичинде берилет", - дейт ал. 

    Ал тышкы инвестор өз өлкөсүндө берилген тиешелүү лицензиясынын көчүрмөсүн алып келип, мамлекетке 1,5 млн сом (17,2 миң доллар – ред.) төгүп, лицензия ала аларын белгиледи 

    Эгер тышкы жана ички инвестордо лицензиясы жок болсо жана 1-дэңгээлдедеги лицензияны алгысы келсе, алар үчүн өзүнчө сунуш бар. Аларга бир объектте курулуш жүргүзүп иштөө үчүн лицензия берилет. 

    Орунтаев инвесторлорду алдап лицензия саткандарга кайрылып, алар саткан лицензиялар жокко чыгарыларын, инвесторду алдаганы үчүн алардын үстүнөн укук коргоо органдарына кайрыла тургандарын эскертти. 


    Тектеш материалды окуу