Жарыяланган
2024-29-11, 13:00Орусиянын көп функционалдуу миграция борборунун филиалы Ошто ачылат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чечим Россияга негизги миграциялык агым республиканын түштүк аймактарынан келгендиктен кабыл алынды.
Министрдин орун басары кыргызстандыктар аталган өлкөнүн мыйзамдарын сакташы керек деген талаптар менен бирге эле, алардын ал жакка барышында көйгөй болбошу керектигин эскертти.