akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-01-07, 05:22

    Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунда убактылуу көпүрө пайдаланууга берилет

    Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 63-чакырымында жайгашкан убактылуу көпүрөнү калыбына келтирүү иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди. 

    Аталган жерде “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасынын №37 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар тынымсыз иштеп жатышат. 

    Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн түндө жеңил унааларга айланма жол аркылуу каттам уюштурулган. 

    Белгилеп кетсек, жогорудагы калыбына келтирилип жаткан убактылуу көпүрө менен бул буга чейин сел алып, кулаган эски көпүрө (авариялык абалда турган) экөө эки башка.