Жарыяланган
2024-20-09, 11:18Ош шаарында жаңы муниципалдык базардын курулушу 60 пайызга бүттү. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Учурда жеринде суу, канализация жана электр жарыгы тартылууда. Каркастарды жана башка курулуштарды тургузуу улантылып жатат.
Эске салсак, Ош шаарындагы базарды ушул жылдын июль айында болгон катуу селден кийин жаңы жерге көчүрүү чечими кабыл алынган.