akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-20-09, 17:36

    Бишкек мэриясы 300 млн долларга ГЭС куруу боюнча келишимге кол койду

    Бүгүн Бишкек шаарынын мэриясы менен “Орта Азия инвестициялык холдинг” ААКнын ортосунда отун-энергетика комплекси боюнча инвестициялык келишимге кол коюлду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдирди.

    Долбоордун максаты - Бишкек шаарындагы ЖЭБ-2нин аймагында кубаттуулугу 250 МВттан ашык айкалышкан циклдик электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо. Инвестициянын көлөмү 300 миллион долларды түзөт.

    Бул долбоор борбордун энергетикалык инфраструктурасын модернизациялоого негиз болуп, ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет. 

    Мындан тышкары, “Орта Азия Инвестмент Холдинг” компаниясы “Ала-Арча” көмөкчордонуна электр өткөргүч линиясын курууну жана Бишкек шаардык системасына ысык суу менен жылуулукту туташтыруу үчүн узундугу 10 чакырымдан кем эмес жылуулук трассасын тартуу милдетин алды. 
     


    Тектеш материалды окуу