akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-26-09, 16:56

    Товар декларациясына өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби кайрадан каралууда

    25-сентябрда Евразиялык экономикалык комиссиянын Бажы жөнгө салууну Консультативдик комитетинин курамындагы Бажы декларациялоо боюнча жумушчу топтун жыйыны болуп өттү. Жыйындын төрагасы – бажы мыйзамдары жана укуктук практика боюнча департаменттин директорунун орун басары Григор Оганян. Эксперттер декларацияга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелерин талкуулашты, алар бажы органы менен тышкы экономикалык ишмердүүлүк катышуучуларынын өз ара аракеттешүүсүндө электрондук документ жүгүртүүнү артыкчылыкка ээ кылууга жана кагаз түрүндөгү документтерди минималдаштырууга багытталган. Бажы декларациялоо боюнча жумушчу топ 2022-жылы түзүлгөн жана ал товарларды декларациялоого байланыштуу маселелерди камтыйт. Товар декларациясында көрсөтүлгөн маалыматка өзгөртүүлөрдү (толуктоолорду) киргизүү тартиби Евразиялык экономикалык комиссиянын Коллегиясынын 2013-жылдын 10-декабрында кабыл алынган № 289 Чечими менен бекитилген.


    Тектеш материалды окуу