akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-15-10, 10:44

    Баткен облусунун Кадамжай районунда чакан ГЭС курулат

    Баткен облусунун Кадамжай районунда чакан ГЭС курулат.  Кубаттуулугу 600 кВт болгон кичи гидроэлектрстанциянын курулушуна кыргыз-орус өнүктүрүү фонду инвестиция салат.

    Долбоордун баасы 40,1 миллион сомду түзөт. Бул сумманын жарымынан көбүн тагыраагы, 22 миллион сом аталган фонд тарабынан бөлүнөт.

    "Бүгүн биз дагы бир келишимге кол коюп жатабыз, бул жолу кичи ГЭСти куруу боюнча. Ал бүтсө жергиликтүү тургундар электр энергиясынын жетишсиздигин түбөлүккө унутат деп ишенем", - деди  кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков.

    ГЭС ишке киргенден кийин жылына электр энергиясын өндүрүү 5,2 млн кВт/саатты түзөт. Муну менен Кадамжай жана ага жакын жайгашкан Марказ , Сары-Алтын айылдарынын калкын электр энергиясы менен камсыздоо маселеси чечилет деп күтүлүүдө.


    Тектеш материалды окуу

    • Баткен облусунун Кадамжай районунда чакан ГЭС курулат
      Баткен облусунун Кадамжай районунда чакан ГЭС курулат. Кубаттуулугу 600 кВт болгон кичи гидроэлектрстанциянын курулушуна кыргыз-орус өнүктүрүү фонду инвестиция салат
      2024-15-10 04:44:16
    • Кыргызстандын тышкы жана өз ара товар жүгүртүү көлөмү 9%га өстү
      Ушул жылдын январь-августунда Кыргызстандын тышкы жана өз ара товарлардын соодасынын көлөмү 10,6 миллиард долларды түзүп, 2023-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 9%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди
      2024-11-10 04:28:02
    • MBANK экосистемасынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү: MINVEST инвестициялык тиркемесинин бет ачары
      2024-жылдын 7-октябры ААК «Коммерциялык Банк Кыргызстан» | MBANK жаңы форматтагы иш-чараны тартуулады - MTalx, анда банктын бардык негизги продуктыларынын презентациясын бириктирген. Акыркы жыл ичинде MBANK көптөгөн инновациялык чечимдерди чыгарды, кардарлар жана ишкерлер үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн спектрин ийгиликтүү кеңейтти.
      2024-11-10 04:18:00
    • Кыргызстандын экономикасы 8,4% өстү
      2024-жылдын январь-сентябрь айларында ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча 952 миллиард сомго жакынды түзүп, 2023-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 8,4%га өстү. Бул тууралуу бүгүн Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Назира Керималиева билдирди
      2024-11-10 04:06:31