akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-05-09, 11:29

    Садыр Жапаров бардык жардамчыларын жана кеңешчилерин кызматтан бошотту

    Президент Садыр Жапаров коомдук башталышта иштеген бардык жардамчыларын жана кеңешчилерин бошотту. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

    Маалыматка ылайык, мындай чечим президенттин администрациясын реформалоо жана башкаруу системасын өркүндөтүүнүн алкагында кабыл алынды.

    Эске салсак, буга чейин Арслан Койчиев, Бекбосун Бөрүбашев, Чолпонбек Абыкеев жана Бектур Зулпиев президенттин расмий кеңешчилери катары иштеп келген.