akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-25-07, 07:40

    Сел унаа жолдорго 261 млн сомдук зыян келтирди

    Быйыл сел жалпы пайдалануудагы жолдордун тилкелерине 261 млн сомдон ашык зыян келтирди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев билдирди.

    Табигый кырсыктан Баткен районунда 1 көпүрө, Ош облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 2 көпүрө жараксыз абалга келген.

    Учурда көпчүлүк көпүрөлөр жана жолдор оңдолуп бүттү.