akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-25-07, 05:44

    Жыл башынан бери селдин жүрүшү 1,1 млрд сом зыян алып келди

    24-июлга карата Кыргызстандын аймагында 311 сел катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов билдирди.

    Ал белгилегендей, 2023-жылга салыштырмалуу селдин жүрүшү 501%га өскөн.

    “Зыян 1,1 млрд сомду түздү. Бул көрсөткүчтөр Арсланбаптагы селдерди эске албаганын белгилегим келет. Маалыматтар жаңыланат”, - деди Азамат Мамбетов.