Жарыяланган
2025-03-02, 14:22Казакстандын FlyArystan авиакомпаниясы 2025-жылдын 1-июнунан 31-августуна чейин Бишкек менен Астананын ортосунда сезондук каттамдарды аткарат. Учактар жумасына эки жолу — шейшемби жана жекшемби күндөрү учат.
Учурда бул каттам боюнча билеттер сатылууда. Буга чейин компания жазгы-жайкы учуу программасы башталганын жарыялаган, анын алкагында жүргүнчүлөргө Астанага гана эмес, Казакстандын башка шаарларына да каттамдар сунушталууда.
FlyArystan сезондук каттамдарды биринчи жолу киргизип жаткан жок жана алардын популярдуулугу көбүнчө туристтер менен эмгек мигранттарынын суроо-талабынан көз каранды. Авиакомпания Бишкек — Астана каттамын жыл бою аткарары азырынча белгисиз.