Жарыяланган
2025-03-02, 16:48Түрк мамлекеттеринде TAN алыс аралыкка чуркоо ассоциациясы түзүлдү. Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандагы марафондор сериясынын финишчилери уникалдуу медаль жана эл аралык жөө күлүк макамын алышат. Жаңы өнөктөштүк түрк маданияттарынын биригүүсүн жана эл аралык спорттук туризмди өнүктүрүүнү символдоштурат.
Беш ири жарыштын уюштуруучулары Борбор Азия жана Кавказ чөлкөмүндөгү – биринчи чуркоо ассоциациясы болгон Turkic Alliance of Long Runs (TAN) түзүүсүн жарыялашты. TAN түрк маданиятына чөмүлүп, аймактык чуркоо коомчулугун өнүктүрүү үчүн төрт өлкөнүн марафончуларын чогултат.
TAN ассоциациясы аймактагы чуркоолорду жаңы эл аралык деңгээлге алып чыгууда. Бул идеянын дем берүүчүлөрү – жыл сайын дүйнө жүзү боюнча миңдеген катышуучуларды тарта турган SuperHalfs жана Abbott World Marathon Majors престиждүү марафон сериялары болуп саналат. Европалык SuperHalfs сериясы супер жөө күлүк статусуна жетүү үчүн алты өлкөдө алты жарым марафондо чуркоону сунуштайт, ал эми легендарлуу жети Abbott World Marathon Majors төрт континенттеги элиталык марафончуларды бириктирет. 2022 жана 2023-жылдардагы старттарында Элиуд Кипчоге менен Келвин Киптум сериянын дүйнөлүк рекордун коюшкан.
TAN’дын миссиясы – чуркоо сериялар аркылуу түрк элдеринин маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу, аны менен күлүктөрдү жаңы жетишкендиктерге шыктандыруу жана горизонтторду кеңейтүү.
"TAN ассоциациясынын түзүлүшү – түрк өлкөлөрүн жана алардын бай маданий мурастарын бириктире турган эл аралык чуркоо коомчулугун өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам. Биз спортчулар үчүн жаңы горизонтторду ачып, аларга жөн гана мелдештерден да чоң нерсенин бир бөлүгү болууга мүмкүнчүлүк берип жатабыз. Бул бир гана спорттук жетишкендиктин эмес, элди жаңы жеңиштерге шыктандырып, элдерибиздин ортосундагы байланышты бекемдөөнүн символу», - дейт Nomad Sport’тун башкы директору Арслан Малдыбаев.
TAN түрк өлкөлөрүнүн маданий өзгөчөлүктөрүн жана кооз маршруттарын бириктирет. Түрк тилдеринде бирикменин аталышы «таң» жана «таңкы шоола» дегенди, жаңы күндүн башталышын жана жеңиштерге шыктанууну билдирет. TAN айдентикасынын алкагында региондук чуркоо лидерлеринин жаңы өнөктөштүгү маданияттарды жана спорттук туризмди бириктирүү үчүн жаңы перспективаларды ачат.
Биринчи аймактык чуркоо сериясы катышуучуларга беш жарышты сунуш кылат:
Бардык TAN жарыштарын аяктагандан кийин, күлүк уникалдуу финишчинин медалын алат.