akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-10-10, 11:05

    Тиричилик эмес абоненттер үчүн электр энергиясынын тарифи кымбаттады

    Кыргызстанда тиричилик эмес абоненттер үчүн электр энергиясынын тарифи кымбаттады. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

    Эми аталган топтогу керектөөчүлөр 1 киловатт саатка салыктарды кошпогондо 3 сом 77 тыйындан төлөйт. Мындай чечим электр энергиясынын жетишсиздиги катталып жаткан мезгилде абоненттерди ишенимдүү электр кубаты менен камсыздоо жана энергетикалык компаниялардын чыгымдарын жабуу максатында кабыл алынган. 

    Эске салсак, буга чейин тиричилик эмес керектөөчүлөр 1 киловаттка 2 сом 87 тыйындан төлөп келген.


    Тектеш материалды окуу