Жарыяланган
2024-05-11, 14:32Түркия Кыргызстандын бардык карызын кечти. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-ноябрда билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган мамлекет Кыргызстандын карызын жашыл экономикалык долбоорлор үчүн кечкен.
Каржы министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстандын Түркияга карызы 58,8 миллион долларды түзөт.
Эске салсак, түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган мамлекеттик сапары менен Бишкекке 4-ноябрда келди. Бүгүн президенттердин тар жана кеңири чөйрөдөгү жолугушуулары өтүп, биргелешкен билдирүү жасашты.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында саламаттык сактоо, энергетика, экономика, айыл чарба, санариптештирүү, коопсуздук жана маданият тармактары боюнча маанилүү макулдашууларга кол коюлганы кабарланды.
Эрдоган эртең, 6-ноябрда Бишкекте өтүүчү Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине да катышат.