akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-20-09, 16:25

    УКМК алтын куймаларды мыйзамсыз алып өтүү фактысына бөгөт койду

    17-сентябрда УКМК Казакстандын аймагына бараткан "Кең-Булуң" көзөмөл-өткөрүү пунктунда "Лексус 470" үлгүсүндөгү автомашинаны токтоткон. Анда кызмат  30 млн сомдон ашык суммадагы алтын куймаларын тиешелүү документтери жок мыйзамсыз ташып чыгуу фактысын аныктаган.

    Текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргызстандын чегинен тышкары алып чыгуу үчүн тиешелүү документтери жок жалпы салмагы 3,3 кг алтын куймалары жашырылган жай аныкталган. 
         
    Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралардын алкагында республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо, ошондой эле курамында алтын бар металлдарды контрабандалоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө. 
     


    Тектеш материалды окуу